КАРА-БАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БАК ЦЕЛЕСТИ́Н КЕНИ Баткен районунда, Баткен шаарынан 8 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 800–890 м бийикте. 1959-жылы чалгындалган. Целестин кенташы акыркы бор мезгилиндеги кумдук ж-а чопо тектеринин арасында жатат. Кенташтын тулкусу 1600 мге созулуп, калыңдыгы 0,15–1,15 м болгон 4 катмарчадан турат. Кен эки типтеги кенташтан – желвак ж-а чачыранды түрдө кездешет. Биринчи типтеги кенташта целестиндин өлчөмү 66,3%, экинчисинде – 2,66%. Кенташ тулкусундагы целестиндин орточо өлчөмү 6,15%. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде целестиндин өлчөмү 86,7%ке жеткен аралашма алынары аныкталган. Целестиндин запасы: В категориясы боюнча – 2,6 миң т; С – 20,9 миң т; С2 – 93,7 миң т.