КАРА-АЛМА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-АЛМА ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмеги­нин түш.-батыш капталындагы кооз жер. Жа­лал-Абад обл-нун Сузак р-нунда. Жалал-Абад ш-нан 48 км түн.-чыгыш тарапта. Өрөөн аркы­луу Көгарттын оң куймасы Кара-Алма суусу агат. Уз. 28 км. Деңиз деңг. 1380–3705 м бийик­те. Рельефи б-ча экиге бөлүнөт: Фергана тоо тизмегинин кырына жакын жаткан бийик жагы аскалуу, корум-шагылдуу, төмөнкү бөлүгүнүн рельефи жылма келип, тегизделген жондордон, адырлардан турат. Климаты мелүүн континент­тик. Январдын орт. темп-расы –2,3°С, июлдуку 23,5°С. Жылдык жаан-чачыны 900–1000 мм. Төмөнкү бөлүгүнүн (1000–2200 м бийикте) көбүн жыш жаңгак, мөмө-жемиш токою, түрдүү ба­далдар ээлейт. Андан жогору субальп, альп шал-

Өрөөндөгү жаңгак-жемиш токою.

баалуу ландшафт алкактары жатат. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыр­гоол, кекилик, чүткөр ж. б. жаныбарлар бар.
Жаңгак токойлуу К.-А. ө. – кооздугу жагынан сейрек кездешүүчү жайлардын бири. Эс алуу жа­йына айланууда. Мында балдар лагери ж-а то­кой чарбасы бар. Өрөөндө Кара-Алма, Марча ж. б. кыш. жайгашкан.