КАРА-АЛМА ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АЛМА ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмеги­нин түштүк-батыш капталындагы кооз жер. Жа­лал-Абад облусунун Сузак районунда. Жалал-Абад шаарынан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Өрөөн аркы­луу Көгарттын оң куймасы Кара-Алма суусу агат. Узундугу 28 км. Деңиз деңгээлинен 1380–3705 м бийик­те. Рельефи боюнча экиге бөлүнөт: Фергана тоо тизмегинин кырына жакын жаткан бийик жагы аскалуу, корум-шагылдуу, төмөнкү бөлүгүнүн рельефи жылма келип, тегизделген жондордон, адырлардан турат. Климаты мелүүн континент­тик. Январдын орточо температурасы –2,3°С, июлдуку 23,5°С. Жылдык жаан-чачыны 900–1000 мм. Төмөнкү бөлүгүнүн (1000–2200 м бийикте) көбүн жыш жаңгак, мөмө-жемиш токою, түрдүү ба­далдар ээлейт. Андан жогору субальп, альп шал-

Өрөөндөгү жаңгак-жемиш токою.

баалуу ландшафт алкактары жатат. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыр­гоол, кекилик, чүткөр ж. б. жаныбарлар бар.
Жаңгак токойлуу Кара-Алма өрөөнү – кооздугу жагынан сейрек кездешүүчү жайлардын бири. Эс алуу жа­йына айланууда. Мында балдар лагери ж-а то­кой чарбасы бар. Өрөөндө Кара-Алма, Марча ж. б. кыштактар жайгашкан.