КАРА АКСАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА АКСАК (Paronychia contagiosa) – малдын туягын сезгентүүчү жугуштуу ылаң. Адегенде, салаасы жабыркап, кийинчерээк терең жарага айланып, туякты чиритет. К. а. м-н кой, эчки ж-а бодо мал ылаңдайт. Ылаң козгогуч бакте­рия туяктын ар кандай жаракатында, нымдуу­лукта ж-а организм начарлаганда жугат. Ылаң соо малга ылаңдаган койдон, микроб м-н бул­ганган кыктан, суудан, топурактан, тоюттан ж. б-дан жугат. Кырг-ндын шартында К. а. ай­рыкча жаз ж-а күз мезгилдеринде кеңири тара­лат. Ылаңдын букма мезгили 3–6 күн. Ылаң белгилери башталганда эле бардык ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, аларды сиңимдүү тоют ж-а кур­гак жайлар м-н камсыз кылуу зарыл. Өсүп кет­кен туякты кесип, жараланган жерлерин таза­лайт. К. а. жеңил формада өткөндө аэрозолдуу дарылар – кубатол ж-а хроницин жакшы на­тыйжа берет.


Ад.: Архангельский И. И. и др. Копытная гниль овец. М., 1986; Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.