КАРА АКСАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА АКСАК (Paronychia contagiosa) – малдын туягын сезгентүүчү жугуштуу ылаң. Адегенде, салаасы жабыркап, кийинчерээк терең жарага айланып, туякты чиритет. Кара аксак м-н кой, эчки ж-а бодо мал ылаңдайт. Ылаң козгогуч бакте­рия туяктын ар кандай жаракатында, нымдуу­лукта ж-а организм начарлаганда жугат. Ылаң соо малга ылаңдаган койдон, микроб м-н бул­ганган кыктан, суудан, топурактан, тоюттан ж. б-дан жугат. Кыргызстандын шартында кара аксак ай­рыкча жаз ж-а күз мезгилдеринде кеңири тара­лат. Ылаңдын букма мезгили 3–6 күн. Ылаң белгилери башталганда эле бардык ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, аларды сиңимдүү тоют ж-а кур­гак жайлар м-н камсыз кылуу зарыл. Өсүп кет­кен туякты кесип, жараланган жерлерин таза­лайт. Кара аксак жеңил формада өткөндө аэрозолдуу дарылар – кубатол ж-а хроницин жакшы на­тыйжа берет.

Ад.: Архангельский И. И. и др. Копытная гниль овец. М., 1986; Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.