КАПТАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПТАЛ , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), о. эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоо­лордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички ж-а сырткы күчтөрдүн натый­жасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. К-дын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тек­тердин курамына ж-а түзүлүшүнө, абс. ж-а са­лыштырмалуу бийиктигине, К. процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк ж. б. таби­гый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрү­нө, К. экспозицияларына байланыштуу болот. К. түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуң­курайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. К-дын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата К-да кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция, делювий, эрозиялык ж. б. процесстер жүрөт. «К.» терми­нинин бет, боор, дөш, төш, кадуу сыяктуу си­нонимдери да бар. Топонимдин бир компонен­ти катары да кездешет. Мис., Каптал-Арык ж. б.