КАПКА КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАПКА КАПЧЫГАЙЫ – Талас өрөөнүнүн түндүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Манас р-ндорунун аймагында. Түш.-чыгыштан түн.- батышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (уз.
2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) ж-а Кичи
Капка (уз. 0,8–1,0 км, жазылыгы 250 мге чейин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 900–950 м. Рельефи зоокалуу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук,
чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чополорунан турат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –8,0°С, июлдуку 21,3°С.
Жылдык орт. жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң
Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Капка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курулган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.
Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу
өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кылкан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Талас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар.