КАПИТАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПИТАЛИ́ЗМ – жеке менчик ишканалардын ортосунда рынок атаандаштыгына негизделген экон. система. Коомдук ой-пикир б-ча К. – эр­кин ишкердик системасы, индустриялык коом­дун өнүгүү баскычы. Бүгүнкү күнү К. – «аралаш экономика», «постиндустриялык коом», «маа­лымат коому» ж. б.; марксизмде К. – өндүрүш каражаттары жеке менчикке, ал эми жалдан­ма эмгек капиталдын эзүүсүнө негизделген коом­дук экон. формация. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер м-н жумушчулардын ортосунда­гы) ички карама-каршылык мүнөздүү. К. фео­дализм мезгилинде экон., социалдык, саясий ж-а маданий өбөлгөлөрдүн негизинде жаралган.
Алгач 14–15-к-да Италиянын ж-а Голландия­нын шаарларында К-дин белгилери пайда бо­луп, 16-к-да Европада К. чыңдалган. Мануфак­турадан ири машина өндүрүшүнө өтүү м-н ө. ж. төңкөрүшүнүн негизи түзүлгөн. Рынок атаандаш­тыгынын механизми капиталды көбөйтүү ж-а киреше алуу үчүн өндүрүштү өркүндөтүүгө маж­бур кылган. Бул өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнө, илим м-н техникада тынымсыз төңкөрүштөрдү жасоого көмөк берип, капиталисттик өндүрүш­түн коомдоштурулушун, эмгектин бөлүштүрү­лүшүнүн тереңдешин шарттайт. К-дин өнүгүшү 5 негизги этапка бөлүнөт: б и р и н ч и э т а п (17-к-дын ортосу – 18-к-дын аягы) – К-дин ма­нуфактуралык стадиясы эркин атаандаштык­тын өнүгүшү м-н коштолот. Эркин атаандаш­тык Улуу Британияда өнүгүп, 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында ө. ж. төңкөрүшү (мануфак­турадан фабрикага өтүү) ишке ашкан; э к и н­ч и э т а п (18-к-дын аягы – 19-к-дын аягы) – ири машина индустриясы пайда болот. Социал­дык мамиле ж-а саясий-экон. трансформация үчүн жаңы технол. укладдын өнүгүшү ин­дустриялык өндүрүшкө жол ачкан; ү ч ү н ч ү э т а п (19-к-дын аягы – 20-к-дын 1-жарымы) К-дин өнүгүшүндө атаандаштыктын жаңы фор­малары пайда болот ж-а монополисттик уклад­дын үстөмдүгү м-н мүнөздөлөт. Монополисттик капитал колуна ири материалдык ж-а финан­сылык ресурстарды топтоп, сырьё булактарын ж-а рынокторду басып алуу үчүн күрөшүп, атаан­даштарын жоготот; т ө р т ү н ч ү э т а п (1930–70-жылдар) К. эволюциясы – анын та­мыры трансформациялана баштаган. Буга 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк кризис ж-а 2-дүй­нөлүк согуштан кийин түзүлгөн экон. абал түрт­кү болгон. Натыйжада К-дин жаңы техника­технол., тармактык, уюштуруучу-өндүрүштүк, башкаруучулук, социалдык-экон. моделдери тү­зүлгөн. Мамл. экон. жөнгө салуунун функ­циялары ж-а формалары өзгөргөн. Экономика­ны, элди жумуш м-н камсыздоо ж. б. процесс­терди стабилдештирүү үчүн бюджеттик-финан­сылык ж-а насыя-акча саясатынын куралдары колдонулган; б е ш и н ч и э т а п К-дин өнүгүшүндө индустриялык система калыптанып, 1970-жылдары демография, энергетика, сырьё, азык-түлүк ж-а экол. кризистер башталган. Кризистерден чыгыш үчүн индустриялык коом­дон постиндустриялык коомго өтүү процесси башталган. Бул процесстин негизи – маалы­маттык-коммуникациялык рев-я м-н байла­нышкан өндүрүштү жаңы технол. жолдор м-н өнүктүрүү.


Ад.: Маркс К. Капитал. М., 1988–1989. Т. 1–3; Уильмсон У. О. Экономические институты капитализма.

СПб., 1996; Гэлбрейт Д. К. Новое индустриальное общество. М., 2004; Фридман М. Капитализм и свобода. М., 2006; Норберг Ю. В защиту глобального капитализма. М., 2007.