КАПИЛЛЯР СУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПИЛЛЯ́Р СУУЛАРЫ – топурак кыртышы­нын арасындагы өтө майда көзөнөкчөлөр (ка­пиллярлар) м-н байланышкан суулар. Өз ичи­нен капиллярдык көтөрүлгөн ж-а капиллярдык илешчээк түрлөрдөн турат. Биринчисинде кыр­тыш суулары капиллярлык күчтүн таасири ас­тында жогору көтөрүлөт. Булар кыртыш суусу­нун үстүнөн орун алып, алар м-н гидравлика­лык байланышта болот. Жылуу ж-а кургак климаттык шартта шор пайда кылат. Капил­лярдык илешчээк суулар эки түрдөн турат. Бири жер бетине жакын орун алып, жаан суулары сарыкканда, топуракка илешип калат. Экин­чиси кыртыш сууларына, топуракка байланыш­пай, ортодо илешкен суулар. Булар капилляр­дык көтөрүлүүдөн, илешкен ж-а сарыккан суу­лардан келип чыгат.