КАПИЛЛЯР СУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИЛЛЯ ́Р СУУЛАРЫ – топурак кыртышы­нын арасындагы өтө майда көзөнөкчөлөр (ка­пиллярлар) м-н байланышкан суулар. Өз ичи­нен капиллярдык көтөрүлгөн ж-а капиллярдык илешчээк түрлөрдөн турат. Биринчисинде кыр­тыш суулары капиллярлык күчтүн таасири ас­тында жогору көтөрүлөт. Булар кыртыш суусу­нун үстүнөн орун алып, алар м-н гидравлика­лык байланышта болот. Жылуу ж-а кургак климаттык шартта шор пайда кылат. Капил­лярдык илешчээк суулар эки түрдөн турат. Бири жер бетине жакын орун алып, жаан суулары сарыкканда, топуракка илешип калат. Экин­чиси кыртыш сууларына, топуракка байланыш­пай, ортодо илешкен суулар. Булар капилляр­дык көтөрүлүүдөн, илешкен ж-а сарыккан суу­лардан келип чыгат.