КАПЕТИНГДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАПЕТИНГДЕР (лат. Capetingi, фр. Capetiens) –
француз королдорунун династиясы (987–1328).
Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жолу м-н эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-к-дын башында К. Франциянын аймагын кеңейтип, борбордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн.
К. династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987–
996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–60),
Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый
(1108–37), Людовик VII (1137–80), Филипп II Август (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226),
Ыйык Людовик IX (1226–70), Эр жүрөк Филипп III (1270–85), Филипп IV Сулуу (1285–1314),
Людовик X (1314–16), Филипп V (1316–22),
Карл IV (1322–28).