КАОЛИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАОЛИ́Н (Кытайдагы фарфор чопосу орун ал­ган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен као­линит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө май­да талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жы­луу, субтропиктик шартта талаа шпатынын хим. жол м-н эзилип эришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габ­бро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сы­яктуу тектер катышат. К. жер бетинде көп та­раган тектердин катарына кирет. Улуу Брита­нияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жор­жия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Крас­нояр крайы), Казакстанда жолугат. Кырг-ндын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, хим., резина ө. ж-нда, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфю­мерияда колдонулат.


Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974.