КАНЫМЕТОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНЫМЕТОВ Жумакадыр (1. 8. 1958-ж. т., Ысык-Кѳл обл., Түп р-ну, Тасма айылы) - дирижёр, композитор, КРдин эл арт. (2008), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1995). Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1981), Н. Римский-Корсаков атн. Ленинград консерваториясынын дирижёрдук ж-а композитордук ф-тин (1989) бүткѳн.

1989-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясынын акад. симф. оркестринде иштеген, 1995-ж. КРдин Коргоо министрлигинин ырбий ансамблин уюштуруп жетектеген. 2001-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында дирижёр-коюучу, 2008-жылдан баш-

кы дирижёру. Анын дирижёрлугу астында театрда «Евгений Онегин», «Аида», «Риголетто», «Травиата», «Фауст», «Ак куу кѳлү», «Чолпон», «Айчүрѳк» ж. б. опера, балеттер коюлган. 30дай ыр-күүлѳрдүн автору. Симф. оркестрдин аткаруусунда 100дѳн ашуун кыргыз, орус, чет элдик композиторлордун чыгармаларын кыргыз радиосунун алтын казышасына жаздыгрган. К. «Ак Мѳѳр» опера-дастанынын музыкасын жазган, ал 1993-жылдан ѳзүнүн дирижёрлугу астында театр сахнасына коюлууда. Театр труппасы м-н Россияда, Түркия, Кытай ж. б. ѳлкѳ- лѳрдѳ гастролдо болгон.