КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ – Кант ш-нда жайгашкан ө. ж. ишканасы; 1996-жылдан ачык акционердик коом. 1964-ж. алгачкы цемент алынган. Комбинатта бир жыл ичинде 5 мештин курулушу бүткөрүлүп, суткасына 2600 т цемент өндүрүлгөн. 16500 м2 аянтка түтүк-шифер өндүрүшүнүн курулушу башталып, 1967-ж. декабрда алгачкы шифер чыгарылган. Эки жылдын ичинде курулган имаратка жылына 116 млн такта шифер жасоочу үч технол. линия монтаждалган. 1968-ж. жалпы кубаттуулугу жылына 960 км түтүк жасоочу технол. линия пайдаланууга берилген. 1978-ж. шифердин эки түрүнө Сапат белгиси ыйгарылган. Цемент чыгарууну көбөйтүү үчүн 1974-жылдан тартып мештер реконструкцияланган.