КАНТАБРИЯ ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ Испаниянын түндүгүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булуңун жээктей 500 кмге созулат. Бийикт. 2648 мге чейин. Түн. капталдары тик, аскалуу, дарыялардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түш. капталы жантайыңкы. К. т. герцин бүктөлүү структурасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орт. бийикт. 2000 м чамасында) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түн. капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийиктен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар.