КАНТ (немис философу): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТ Иммануил (22. 4. 1724, Кёнигсберг, азыркы Калининград – 12. 2. 1804, ошол эле жер) –

немис философу, немис классикалык философиясынын негиздөөчүсү. Кёнигсберг ун-тинин проф. Петербург
ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү
(1704). 1747–55-ж.
Күн сис темасынын башт апк ы тумандуулуктан келип чыккандыгы ж-дө космогониялык гипотезаны иштеп чыккан («Жалпы табигый тарых жана асман теориясы», 1755). 1770-жылдан «сынчыл философияны» өнүктүрүп («Таза акыл-эсти сындоо», 1781; «Практикалык акыл-эсти сындоо», 1788; «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сындоо», 1890), эмгектеринде кургак ой жүгүртмө метафизиканын ж-а скептицизмдин догматизмине каршы чыгып, таанылып билинбөөчү «өзүндөгү нерселер» (туюмдун объективдүү булагы) ж-а чексиз, мүмкүн тажрыйбалар чөйрөсүн түзүүчү таанылып билинүүчү кубулуштар ж-дөгү дуалисттик окууну киргизген. Таанымдын шарты – туюмдардын баш аламандыгын (хаосун) иретке салуучу жалпы маанилүү априордук формалар. Кудай, боштондук,
өлбөстүк идеялары теор. жактан далилденбегени м-н «практикалык акыл-эстин» постулаттары, адеп-ахлактын зарыл өбөлгөлөрү болот. Парыз түшүнүгүнө негизделген К. этикасынын
борб. принциби – категориялык императив.
К-тын теор. акыл-эс антиномиясы ж-дөгү окуусу диалектиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Марксизм-ленинизм классиктери К-тын философиясын сынга алып, анда субъективдүү идеалисттик, агностикалык ж-а матер. тенденциялар аралашып кеткендигин көрсөткөн.