КАНТ (немис философу)
КАНТ Иммануил (22. 4. 1724, Кёнигсберг, азыркы Калининград – 12. 2. 1804, ошол эле жер) –

немис философу, немис классикалык философиясынын негиздөөчүсү. Кёнигсберг университетинин профессору. Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1704). 1747–55-жылдарда күн системасынын баштапкы тумандуулуктан келип чыккандыгы жөнүндө космогониялык гипотезаны иштеп чыккан («Жалпы табигый тарых жана асман теориясы», 1755). 1770-жылдан «сынчыл философияны» өнүктүрүп («Таза акыл-эсти сындоо», 1781; «Практикалык акыл-эсти сындоо», 1788; «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сындоо», 1890) эмгектеринде кургак ой жүгүртмө метафизиканын ж-а скептицизмдин догматизмине каршы чыгып, таанылып билинбөөчү «өзүндөгү нерселер» (туюмдун объективдүү булагы) ж-а чексиз, мүмкүн тажрыйбалар чөйрөсүн түзүүчү таанылып билинүүчү кубулуштар жөнүндөгү дуалисттик окууну киргизген. Таанымдын шарты – туюмдардын баш аламандыгын (хаосун) иретке салуучу жалпы маанилүү априордук формалар. Кудай, боштондук, өлбөстүк идеялары теориялык жактан далилденбегени м-н «практикалык акыл-эстин» постулаттары, адеп-ахлактын зарыл өбөлгөлөрү болот. Парыз түшүнүгүнө негизделген Кант этикасынын борбордук принциби – категориялык императив. Канттын теориялык акыл-эс антиномиясы жөнүндөгү окуусу диалектиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Марксизм-ленинизм классиктери Канттын философиясын сынга алып, анда субъективдүү идеалисттик, агностикалык ж-а материалисттик тенденциялар аралашып кеткендигин көрсөткөн.