КАНИН ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КА́НИН ЖАРЫМ АРАЛЫ – Россиянын Европа бөлүгүнүн түндүгүндөгү түздүктүү жарым арал. Архангел обл-нда, Ненец автономия округун­да. Ак деңиздин түн. бөлүгүн Баренц деңизинин Чеша булуңунан бөлөт. Аянты 10,5 миң км2. Уз. 300 кмден ашык. Түндүгүндөгү плато сымал Канин Камень токол тоосу (бийикт. 241 мге че­йин), түн.-батышта аскалуу Канин Нос тумшу­гу м-н бүтөт. Калган бөлүгүндө ойдуңдуу жай­пак түздүктөр басымдуу; андагы морена дөбө­дөңсөөлөрү жалдарды пайда кылат. Бардык жеринде түбөлүк тоң кездешет. Деңиз таш­кыны андагы тайыз дарыялар б-ча 60 кмге че­йин жогору көтөрүп, көп жерин суу каптайт (лайда). Саз ж-а көл көп. Накта тундра ланд­шафты (Канин тундрасы) мүнөздүү. Балык ж-а деңиз айбанаттар промыселдери, бугу чарбала­ры бар.