КАНДАГАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНДАГАЙ – жоого, балбан күрөшкө, эр са­йышка, оодарышка баатырлар, балбандар ки­йүүчү чалбар шым. К. багыштын, бугунун, тоо текенин, серкенин же жаш

бодонун терисинен малма­га салынып, ийленип, ыш­кын түпкө, чүкүрүгө, эңгил­чекке же кабыкка боёлуп

жасалган. К. багалеги ке­нен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамышта­лып тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыш­тан ычкыр өткөрүлгөн. Ага үстүңкү кийимдерин шым­данып, белин токулган кооз боолуу ычкыр м-н бай­ланган. Моңгол тилинде «хандгай» багышты билдирет. Кыргыздар бир кезде бул сөздү өз ти­линде колдонгон болушу керек. Качан кыргыз­дар жер которуп келгенде, ал аймакта бул жа­ныбардын жок болгондугуна карабай, сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандарга, баатыр­ларга кандагайдын эмес башка жаныбарлардын терисинен шым тигип калган кезде деле эл оозунда эски аты сакталып калган.