КАНДАГАЙ
КАНДАГАЙ – жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка баатырлар, балбандар кийүүчү чалбар шым. Кандагай багыштын, бугунун, тоо-текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малмага салынып, ийленип, ышкын түпкө, чүкүрүгө, эңгилчекке же кабыкка боёлуп жасалган.

Кандагай багалеги кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамышталып тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. Ага үстүңкү кийимдерин шымданып, белин токулган кооз боолуу ычкыр менен байланган. Моңгол тилинде «хандгай» багышты билдирет. Кыргыздар бир кезде бул сөздү өз тилинде колдонгон болушу керек. Качан кыргыздар жер которуп келгенде, ал аймакта бул жаныбардын жок болгондугуна карабай, сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандарга, баатырларга кандагайдын эмес башка жаныбарлардын терисинен шым тигип калган кезде деле эл оозунда эски аты сакталып калган.