КАНГЕЛДИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНГЕЛДИЕВ Азамат Нурказыевич (4. 7. 1957- ж. т., Фрунзе) – саясат таануу илимд. доктору (1992), проф. (1993). С. Киров атн. Казак мамл. ун-тин (1980), ММУнун аспирантурасын (1988) бүтүргөн. 1980–84-ж. Орус тили ж-а ад-ты пед. ин-тунда окутуучу, доцент, 1984–93-ж. декан, 1993–96-ж. Кыргыз-немис соода үйүндө менед­жер, директордун орун басары, КР мамл. бажы инспекциясынын башкы инспектору, 1996– 2001-ж. Бишкек эркин экон. зонасынын началь­ниги, Бишкек ш-ндагы бажыкананын началь­ниги, финансы министрлигинин алдындагы Мамл. бажы инспекциясынын директорунун орун басары, 2001–04-ж. КР Эсеп палатасынын төрагасы, 2004–05-ж. Чүй обл-нун губернатору, 2005–10-ж. Ж. Баласагын атн. КУУда проф., 2010-жылдан КР Жогорку Кеңешинин депутаты. 2-класстагы мамл. кеңешчи.