КАНГЕЛДИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНГЕЛДИЕВ Азамат Нурказыевич (4. 7. 1957-жылы туулган, Фрунзе) – саясат таануу илимдеринин доктору(1992), профессор (1993). С. М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин (1980), ММУнун аспирантурасын (1988) бүтүргөн. 1980–84-жылдарда орус тили ж-а адабияты педагогикалык институтунда окутуучу, доцент, 1984–93-жылдарда декан, 1993–96-жылдарда Кыргыз-немис соода үйүндө менед­жер, директордун орун басары, КР мамлекеттик бажы инспекциясынын башкы инспектору, 1996–2001-жылдарда Бишкек эркин экономикалык зонасынын началь­ниги, Бишкек шаарындагы бажыкананын началь­ниги, финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары, 2001–04-жылдарда КР эсеп палатасынын төрагасы, 2004–05-жылдарда Чүй облусунун губернатору, 2005–10-жылдарда Ж. Баласагын атындагы КУУда профессор, 2010-жылдан КР Жогорку Кеңешинин депутаты. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.