КАН БАСЫМЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН БАСЫМЫ – кан тамырлардагы кандын жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөктүн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кандын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, о. эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы К. б. жүрөктүн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жогорулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 млге жакын кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу дароо агып өтө албайт. Ошондуктан толто чоюлат да, андагы басым жогорулайт (систолалык басым). Нормада ал жоон артерияларда 110– 130 сым. мам. ммге жетет. Жүрөк карынчаларынын жыйрылуу аралыгында (б. а. диастола) чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артериялар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. К. б. төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү деңгээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык басымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы К. б. жүрөктөн алыстаган сайын азаят. Мис., толтодо К. б. 140/90 сым. мам. мм түзөт (биринчи цифра – систолалык же жогорку басымды, экинчиси диастолалык же төмөнкү басымды билдирет). К. б., адатта, артериялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш өткөн сайын К. б. өзгөрөт, күч келүү, эмоциялык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. К. б-нын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө салып турат. Анын туруктуу жогорулашын – артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү гипотензия деп аталат.