КАНАЛ (гидротехникада): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНА́Л (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е х­н и к а д а – суу агуучу жасалма нук. А. ч. өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. К. – сугат тармагынын негизги бө­лүгү. К. пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мис., Суэц, Панама К-дары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат К-ы (ир­ригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү К. (Иртыш – Караганда К-ы), карагай агызуу­чу, балык өстүрүлүүчү ж-а комплекстүү К-дар (Волга – Дон К-ы) болуп айырмаланат. Сугат К-ы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б-дан сугат жерге суу жеткирет) К-га, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы К-дан суу алып ра­йонго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык К-дан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убак­тылуу К-дарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б-дан К-га суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу К-га суу топтоочу курулма аркы­луу өзү агып келет же насос станциясынын жар­дамы м-н берилет. К-дын туурасынан кесили­ши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине ж-а таманына бетон же темир­бетон, бурама темир-бетон төшөлөт. Бир К-дан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч ж. б. м-н жабдылат. К. өтчү жер, К-дын өлчөмү, анда ку­рулуучу гидротех. курулмалар тех.-экон., гид­равликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкта­лат. К-ды пайдалануудагы негизги көрсөткүч­төр: суу өткөрүмдүүлүгү (К-дагы суунун эң чоң чыгымы – К-дын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м3/сек) К-дын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгы­мына болгон катышы. К-дагы технол. процесс­тер автоматтык башкаруу системасынын жар­дамы м-н жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгым­га учуратылбайт. Кырг-ндагы ири сугат канал­дары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас ка­налы ж. б.


Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2.