ИНТЕРГЕЛЬПО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРГЕ́ЛЬПО</b> (лат. inter – өз ара, эл аралык; | <b type='title'>ИНТЕРГЕ́ЛЬПО</b> (лат. inter – өз ара, эл аралык; | ||
чехче гельпо – жардам) – 1925–41- | чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш­чуларына тилектештигин билдирип, материал­дык ж-а моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че­хословакиянын Жилин шаарындагы коммунист ­жумушчулардын демилгеси м-н Жети-Сууда со­вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги м-н сүй­лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор­борунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-ап- | ||
релде Пишпекке келген. 1925–32- | релде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехослова­киядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка­тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш­ черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жар­дамы м-н Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли м-н чех ж-а словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тие­шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле­кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук­цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын­да М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы­гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык­кан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн. | ||
өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка­тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе | |||
металл иштетүүчү ж. б. | |||
өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн. | |||
| 11 сап: | 8 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Б. Сатаров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Б. Сатаров.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:43, 29 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРГЕ́ЛЬПО (лат. inter – өз ара, эл аралык; чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумушчуларына тилектештигин билдирип, материалдык ж-а моралдык жардам көрсөтүшкөн. Чехословакиянын Жилин шаарындагы коммунист жумушчулардын демилгеси м-н Жети-Сууда совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун борборунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-ап-
релде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехословакиядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү катышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жардамы м-н Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли м-н чех ж-а словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тиешелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамлекетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продукцияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасында М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чыгара турган башка завод-фабрикалар өсүп чыккан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.
Ад.: Мужиков И. П., Каниметов А. К., Маречек Р. П. История чехословацкого кооператива «Интергельпо». Ф., 1957;
Б. Сатаров.