ИНТЕРГЕЛЬПО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРГЕ́ЛЬПО (лат. inter – өз ара, эл аралык; чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш­чуларына тилектештигин билдирип, материал­дык ж-а моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че­хословакиянын Жилин шаарындагы коммунист ­жумушчулардын демилгеси м-н Жети-Сууда со­вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги м-н сүй­лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор­борунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-ап-

релде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехослова­киядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка­тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш­ черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жар­дамы м-н Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли м-н чех ж-а словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тие­шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле­кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук­цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын­да М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы­гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык­кан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.


Ад.: Мужиков И. П., Каниметов А. К., Маречек Р. П. История чехословацкого кооператива «Интергельпо». Ф., 1957;

Б. Сатаров.