ИНДИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́НДИЯ</b> (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я | <b type='title'>И́НДИЯ</b> (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Ба­тышынан Инди океанынын Араб, түштүк-баты­шынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бен­гал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. | ||
Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Ба­тышынан Инди океанынын Араб, түштүк-баты­шынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бен­гал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. | |||
[[File:ИНДИЯ1.png | thumb | none]] | [[File:ИНДИЯ1.png | thumb | none]] | ||
| 42 сап: | 41 сап: | ||
дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендер­дин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калганда­ры христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иу­даизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Каль­кутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт. | дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендер­дин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калганда­ры христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иу­даизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Каль­кутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт. | ||
'''Тарыхы.''' | '''Тарыхы.''' Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баш­таган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан эл­дер б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2- миң жылдыктын 1-жарымында жогорку дең­гээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдык­та аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрык­ча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (б. з. ч. 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сосло­виеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерле­ри), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эр­кин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жал­чы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буд­дизм м-н жайнизм дини үстөмдүк кылган. Ал­гачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бө­лүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-аф­ган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышы­на түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише алба­ган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин <i>Бабурду</i> чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династия­сынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Ак­бардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Ауран­гзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Мо­гол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16- кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стра­тегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост- Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу м-н каратып алат. Индия Англия­нын соода рыногуна ж-а англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улут­тук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу ж-а коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин, Индия м-н Англиянын ортосунда ка­рама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна ж-а Пакистан болуп эки доми­нионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар м-н мусул­мандардын кагылышуусу м-н коштолуп, натый­жада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. <i>Ганди</i> шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтү­рүлөт. ИУКтун лидери Ж. <i>Неру</i> И-нын премьер­министри болот. | ||
1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл | 1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл | ||
алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн | алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. <i>Ганди</i> өлкөнүн премьер-министри болуп ка­лат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импортт-оого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук ж-а космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук ку­ралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космод­ромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус ­мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. <i>Ганди</i> шайланат. | ||
өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. <i>Ганди</i> шайланат. | |||
[[File:ИНДИЯ10.png | thumb | none]] | [[File:ИНДИЯ10.png | thumb | none]] | ||
Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук | Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачты­рууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жети­шет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өл­көлөр м-н кызматташа баштаган. 80-жылдар­дын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода­ экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багыттал­ган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компа­ниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчу­лары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Ман­мохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш ж-а Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү м-н кызматташтыгын өнүктүрүүдө. | ||
чет элдик фирмалардын филиалдарын ачты­рууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жети­шет. | |||
1991- | |||
2004-жылдан | |||
[[File:ИНДИЯ11.png | thumb | Индия Республикасынын күнүнө карата аскер пара­ды. Дели. 26-январь. 2010-жыл.]] | [[File:ИНДИЯ11.png | thumb | Индия Республикасынын күнүнө карата аскер пара­ды. Дели. 26-январь. 2010-жыл.]] | ||
1985-жылдан | 1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызмат­таштык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жыл­дан ШКУга байкоочу катары катышат. | ||
'''Чарбасы.''' Индия – өнөр жай, соодасы ж-а товардык­ акча мамилеси өнүккөн агр.-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзан­дыгы ж-а эмгектин жогорку маданияты м-н өзгө­чөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иш­тейт. Өлкө азык-түлүк м-н өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндү­рөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын ж-а балыкчылык­тын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш м-н кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол м-н 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкө­нүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээ­ли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына ки­рет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча ки­решеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.<br>Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясы­нын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактары­на туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маа­нилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, нефть-химия ж-а фармацевти­ка, кара ж-а түстүү металлургия, текстиль ж-а тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасы­нын 54%ин көмүр, 32%ин нефть ж-а нефть про­дуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энер­гиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын эко­номикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблема­лардын бири – отун-энергетикалык ресурстар­дын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырт­тан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд <i>м</i><sup>3</sup>) ички керектөөнүн <sup>1</sup>/2 ине жакы­нын канааттандырат; газ кендери Араб деңизи­нин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң <i>МВт</i>, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң <i>МВт</i> туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд <i>кВт</i> электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (не­гизинен шамал) электр станцияларына таан- | |||
(Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07- | |||
өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ | |||
(31,6 млрд <i>м</i><sup>3</sup>) ички керектөөнүн <sup>1</sup>/ ине жакы­нын канааттандырат; газ кендери Араб деңизи­нин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң <i>МВт</i>, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң <i>МВт</i> туура келет. 2006–07- | |||
[[File:ИНДИЯ12.png | thumb | Алюминий заводу. Даманжоди шаары.]] | [[File:ИНДИЯ12.png | thumb | Алюминий заводу. Даманжоди шаары.]] | ||
дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон мук­таждыгы 2006–07- | дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон мук­таждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд <i>кВт</i> түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) ж-а марганец (1750 миң т) рудала­рынын негизинде иштейт. Түстүү металлургия­нын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гу­жарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штат­тарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 <i>кг</i>) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продук­циясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түр­дүү тармактары үчүн машиналардын ж-а жаб­дуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын не­гизги продукциялары: буу казаны, буу, газ ж-а гидравликалык турбиналар, буу ж-а дизель ге­нераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт­ электр курулмасы, шамал энергетикалык курул­масы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, ком­прессор, трасформатор ж. б. '''''Машина куруу''''' ө. ж-нын маанилүү тармагы – станок куруу; | ||
чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун | |||
(255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 <i>кг</i>) казылып алынат. Машина куруу – | |||
ө. ж-нын маанилүү тармагы – станок куруу; | |||
мында металл иштетүүчү станоктор, автомат­тык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транс­порттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль ө. ж-нын ишка­налары негизинен ички рыноктун муктаждык­тарын канааттандырууга багытталып, автомо­биль техникасынын дээрлик бардык түрүн, о. эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүн­дөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторик­ша, жүк т ашуу чу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, о. эле велосипед) транспорт каражатта­рын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) б-ча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан ки­йинки 3-орунду ээлейт. Т. ж. локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электро­воздорду ж-а пассажир ташуучу электр поездде­рин чыгарат. Авиаракета-космостук ө. ж. – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйым­дуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакый­мылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космо­дрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат- | мында металл иштетүүчү станоктор, автомат­тык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транс­порттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль ө. ж-нын ишка­налары негизинен ички рыноктун муктаждык­тарын канааттандырууга багытталып, автомо­биль техникасынын дээрлик бардык түрүн, о. эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүн­дөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторик­ша, жүк т ашуу чу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, о. эле велосипед) транспорт каражатта­рын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) б-ча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан ки­йинки 3-орунду ээлейт. Т. ж. локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электро­воздорду ж-а пассажир ташуучу электр поездде­рин чыгарат. Авиаракета-космостук ө. ж. – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйым­дуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакый­мылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космо­дрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат- | ||
04:04, 25 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
И́НДИЯ (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат.
Түндүк-батышынан Пакистан ж-а Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал ж-а Бутан, чыгышынан Бангладеш ж-а Мьянма өлкөлөрү м-н чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман ж-а Никобар аралдары кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору – Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили – хинди ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка ж-а Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт;
Таблицаны кара.
Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Индия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алынып, 1950-жылы күчүнө кирген. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент ж-а штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын мыйзам чыгаруу органы – парламент (2 палатадан турат: Штаттар совети – Раджья Сабха (250 орун) ж-а Элдик палата – Лок Сабха (545 орун). Аткаруу бийлиги президент тарабынан дайындалган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.
Негизги саясий партиялары: Индия Улуттук конгресси (1885-жылы уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) ж. б.
Табияты. Индия Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чыгышты карай), Гималай м-н Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы ж-а Араб деңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү – Мала-
бар жээги, чыгыш жээгинин түштүк бөлүгү – Коромандель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгү – түздүктөр ж-а бөксө тоолор. Индстанды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгышты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Таблица
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал батышында ж-а чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат ж-а Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Индстандын түштүгүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабында, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жайгашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система – Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 мге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрүлөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.
Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Инди платформасы ээлеп, ал Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүн камтыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гималайдын бир бөлүгү (Симла, Жамму, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарда), хромит (Орисса), темир (Бабабудан, Байладила ж. б. кендер), алтын (Карнатака ж. б.), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мадхья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мадхья-Прадеш), нефть ж-а газ (Камбей, Ассам нефть-газ бассейндери, Бенгал шельфи), көмүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар ж. б. Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезгилинде жаан-чачындын 70–90%и жаайт, кышы кургак ж-а салкын, марттан майдын аягына чейин кургак ж-а ысык мезгил. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө
300–400 мм, Чыгыш Гималай тоолорунда ж-а Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна м-н кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (төмөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайдаланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун ж-а Инд-Ганг түздүгүнүн табигый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксерофиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбырагы күбүлмө токой, түн.-батышына бадалдуу жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг м-н Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гималайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин тераилер (саздуу жунгли), жогорураак муссон токою, аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа ж-а талаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.
Индияда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянтынын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви ж-а Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири ж-а Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас резерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү ж-а жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду иш-
ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.
Калкы. Индия – көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде ж-а диалекте сүйлөгөн 500дөй улут ж-а уруу бар. Алардын 9/10 унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирликтер ж. б. 1901–2001-жылдарда Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын санынын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жогору болушу (1901-жылы 1000 адамга 45,8 бала, 1951-жылы 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрөлүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп м-н өсүүдө. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүм житим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп м-н 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагын-
дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендердин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калгандары христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иудаизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Калькутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.
Тарыхы. Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2- миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (б. з. ч. 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм м-н жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16- кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост- Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу м-н каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна ж-а англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу ж-а коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия м-н Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна ж-а Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар м-н мусулмандардын кагылышуусу м-н коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру И-нын премьерминистри болот. 1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импортт-оого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук ж-а космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космодромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. Ганди шайланат.
Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөр м-н кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш ж-а Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү м-н кызматташтыгын өнүктүрүүдө.
1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.
Чарбасы. Индия – өнөр жай, соодасы ж-а товардык акча мамилеси өнүккөн агр.-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы ж-а эмгектин жогорку маданияты м-н өзгөчөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иштейт. Өлкө азык-түлүк м-н өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын ж-а балыкчылыктын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш м-н кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол м-н 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясынын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактарына туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, нефть-химия ж-а фармацевтика, кара ж-а түстүү металлургия, текстиль ж-а тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасынын 54%ин көмүр, 32%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энергиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырттан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2 ине жакынын канааттандырат; газ кендери Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (негизинен шамал) электр станцияларына таан-
дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) ж-а марганец (1750 миң т) рудаларынын негизинде иштейт. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гужарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продукциясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түрдүү тармактары үчүн машиналардын ж-а жабдуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын негизги продукциялары: буу казаны, буу, газ ж-а гидравликалык турбиналар, буу ж-а дизель генераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт электр курулмасы, шамал энергетикалык курулмасы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, компрессор, трасформатор ж. б. Машина куруу ө. ж-нын маанилүү тармагы – станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автоматтык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транспорттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль ө. ж-нын ишканалары негизинен ички рыноктун муктаждыктарын канааттандырууга багытталып, автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, о. эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторикша, жүк т ашуу чу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, о. эле велосипед) транспорт каражаттарын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) б-ча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан кийинки 3-орунду ээлейт. Т. ж. локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электровоздорду ж-а пассажир ташуучу электр поезддерин чыгарат. Авиаракета-космостук ө. ж. – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйымдуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакыймылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космодрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат-
тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук машина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири деңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык
уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме даярдалат. Мамл. ири верфтери – Кочин, Вишакхапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама ш-нда жайгашып, аларда бүт кеме түрлөрү, а. и. аскер кемелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жабдылат. Химия тармагы өлкөнүн ө. ж. продукциясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигменттер ж-а боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер ж-а пластик буюмдар, жасалма ж-а синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пиротех. буюмдар ж. б. чыгарылат. Нефть-химия
ө. ж. пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (а. и. шина), лакбоёк продукцияларын ж. б. чыгаруучу ишканалардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005–06-ж. 35 млн т) чыгарылат. И-нын фармацевтика ө. ж. өдүрүшүнүн көлөмү (дүйнөлүк өндүрүштүн 8%и), о. эле ишканаларынын технол. деңгээли б-ча өлкөдө алдыңкы абалды
ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибиотиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миңдей аталышын чыгарат. И-нын дары-дармектери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуулугу ж-а арзандыгы м-н бааланат. Алмазга кыр
чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – И-нын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик борборлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар
ө. ж-нда цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да
чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил
ө. ж-нын башкы тармактары: кездеме ж-а даяр кийим өндүрүштөрү (ө. ж. продукциясынын наркынын 1/ и). И. кебез кездеме чыгаруу (2005– 06-ж. 50 млрд м2) ж-а андан кийим тигүү б-ча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль ж-а тигүү
ө. ж. ИДПнин 8%ин ж-а өлкөнүн товардык экспорт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жибек, жүн), о. эле жасалма була (полиэстер, вискоза, нейлон, акрил ж. б.) пайдаланылат. И. жибек өндүрүү б-ча дүйнөдө 2-орунда (Кытайдан кийин). Тамак-аш ө. ж-нын башкы тармагы – кант өндүрүшү (бал камыштан); о. эле сүт, жашылча ж-а жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азыктүлүк, чалафабрикат, таза суу өндүрүштөрү.
И-нын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө
мамл. сектордун мааниси зор. Мамл. сектордо нефтини казып алуу ж-а кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын ж-а болот
өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамл. сектор негизинен коргоо ө. ж-нда, атом энергетикасында, т. ж., авиация ж-а деңиз транспортторунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сектор машина куруу ө. ж-нда, а. ч-да, жеңил, тамак-аш, медицина ө. ж-ларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу.
ИДПде а. ч-нын ж-а ага байланыштуу тармактардын үлүшү зор (1/ и). А. ч-нда өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/ ге жакыны иштейт. И. көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12–15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлүгүн жакшыртуу б-ча программага ылайык, жогорку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун ж-а а. ч. өндүрүшүн жакшы каржылоонун натыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды.
Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын
48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүмдүктөр. И. – байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) б-ча дүйнөдө 1- орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктардан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамл. ирригациялык каналдардан, калган жерлери
чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дыйканчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг
түздүгүндө ж-а Годавари, Кришна, Кавери д-нын дельталарында ж-а өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/ ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45–50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. И-да 2 а. ч. сезону болот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы – сентябрь– ноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйналат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрьноябрь – март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/ инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07-ж. 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы б-ча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/ и; 70 млн т жыйналат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги ж. б., көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички аймактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур ж. б.) ж-а май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал камыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бразилиядан кийинки 2-орунда; Түн. И-да), жер жаңгак (негизинен Түш. И-да) ж-а чай (Брахмапутранын өрөөнүндөгү ж-а Чыгыш Гималайдын этегиндеги плантациялардан жыйналат),
о. эле жут (2/
бөлүгүн Батыш Бенгалия берет),
клещевина (Түш. И.), пахта (негизги аймактары Батыш И-дагы Декан траппы ж-а Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жыйналган) өндүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орундар-
да. Түш. И-да чай, кофе, каучук, кокос пальмасы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон ж. б.) өстүрүлөт. 2000-ж. 240 млнго жакын бодо мал (а. и. 90 млну буйвол; саны б-ча дүйнөдө 1-орунда; негизинен унаа катары пайдаланылат), 123 млн эчки ж-а 58 млн кой, о. эле 12 млн
чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/ и),
200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун
өлчөмү б-ча (6,6 млн т , а. и. деңиз балыктары 3,8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. О. эле краб, креветка, мидия, устрица ж. б. кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маалымат технологиясы, каржылоо, соода, транспорт, байланыш ж-а телекоммуникация ж-а туризм индустриясы. 21-к-дын башында маалымат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006–07). Бул сектордун башкы сегменти – программалык камсыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багытталган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамл. ж-а мамл.-кооперациялык системасына таандык. Мамл. коммерциялык 28 банк иштейт (ага
өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бөлүмдөрүнүн, аманаттарынын ж-а кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит м-н камсыз кылат. Мамл. сектор ө. ж-ды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнүгүүдө; 2005–06-ж. И-га 3,5 млндон ашык турист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Германиядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө б-ча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризмдин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, маданий-таанып билүү (туристтер көп келген шаарлары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор,
Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа,
Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климаттык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Гималайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гималайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборлору; суу спортунун түрлөрү, а. и. Гоадагы дейвинг), экол. (өлкөнүн улуттук парктарына баруу) ж. б.
Автомобиль жолунун узундугу б-ча дүйнөдө
2- (АКШдан кийин), т. ж. б-ча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, И-нын транспорттук системасы тех. жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомобиль жолунун жалпы уз. 3320 миң км (2007), а. и. шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ыл-
дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл ж. б. жолдору 2650 миң км. Т. ж. тармагынын жалпы уз. 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирилген. И. т. ж. аркылуу Пакистан, Бангладеш, Непал м-н да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2- орунда). 12 ири, 180 орто ж-а чакан деңиз порту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялардын ж-а каналдардын жалпы уз. 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун уз. 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Расмий эл аралык ж-а 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэропорттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад ш-нда жайгашкан. Нефть куурунун уз. 6500 км, нефть продуктусун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор ш-нда метрополитен иштейт.
Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тейлөө кызматын экспорттоодон түшкөн ж-а чет
өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген кирешенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукциясы, химия ж-а фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары ж-а текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар ж-а минералдар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорттук товарлары: отун (нефть, ж-а нефть продукциясы, көмүр), машина ж-а жабдуулар, компьютер техникасы ж. б. электроника продукциялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар ж-а куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар ж-а бермет, хим. продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы ж. б. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гонконг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түш. Корея.
Маданияты
Индиянын билим берүү мекемелерине Билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук саясат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Индиянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык билимге даярдоо, Жогорку окуу жайлары билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн билим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарларда бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектептер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ды, баштапкы – 90%ды, орто – 54%ды түзөт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004).
Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ийгиликтерге жетишти. 1950-жылы 25 университет, 700 коллеж болсо, 2006-жылы 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. Жогорку окуу жайларда 4 млндон ашуун адам билим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ды түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство музейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башка университеттери, Ири жогорку окуу жайлары: Индия айыл чарба изилдөө институту (1905), Долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технология институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджарати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдаршан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки III кылымда эле Инд өрөөнүндө сугат каналдары, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан салынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган булактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо темир колдонулганы, металл иштетүү, оорулардын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар.
Инди маданияты Маурьялар династиясы бийлеген мезгилден (биздин заманга чейинки IV–II кылым) биздин замандын VIII кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, медицина, математика, астрономия жана башка тармактар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоздору киргизген. Физика менен химия боёк, дары-дармек даярдоодо жана башкаларда колдонулган. Медицинада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556–1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башка шаарларда обсерваториялар салынган. XVIII кылымдын орто ченинен өлкөнү европалыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башка англис илимпоздору да көп эмгек сиңирген. XIX кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илимпоздор – математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис А. Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. XX кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баштоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик Х. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды киргизишкен.
Индиянын философия, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки XV–X кылымдардан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адамзаттын эң байыркы маданиятынын мезгилинде пайда болгон. 3000 жыл илгери Ведалар – байыркы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпостору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки IV–III кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Cанскрит тилинде «Панчатантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Тируваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр китеби – байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чыгармасы. Анда даанышман башкаруучунун образы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын таралышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253–1325; Мирза Бедил, 1644– 1721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. XIX–XX кылымдарда адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү чагылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жазуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бенгал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Нобель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдеги адабият менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн.
Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки IV–II кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу сарай имараттары салынган. XIII кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн.
Мусулман мечиттери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салынган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (XVI–XVII кылымдар) Агар, Дели шаарларынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мармар күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (XVIII кылым–1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги имараттар пайда болгон. Орто кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. XIX–XX кылымдардын чегинде башында А. Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз салышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.
Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кайсы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма болбосун ыргактуу салттык үн айкалыш – раганын негизинде импровизацияланат. Улуттук негизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 1950-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык радионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн.
Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Рамаяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана туюндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. XX кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-жылы Индия искусство борбору негизделген.
Индия көркөм тасмаларды тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тасма тартуу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Капурдун «Селсаяк» тасмасында элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Каннадагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносунун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), А. Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жамгыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд кино индустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Ад.: Рябчиков А. М. Природа Индии. М., 1950; Антонова К. А., Бонгард-Левин Г. М., Котовский Г. Г. История Индии. М., 1979; Сингх Г. География Индии. М., 1980; Экономика Индии: отраслевой анализ. М., 1980; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Гусева Н. Р. Многоликая Индия. М., 1987; Бонград-Левин Г. М. Древнеиндийская цивилизация. М., 1993; Индия сегодня. Справочно-аналитическое издание. М., 2005; Маляров О. В. Внешняя торговля Индии. М., 2006; Индия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008; Миллер М. Шесть систем индийской философии. М., 1900; Краткая история литератур Индии. М., 1974; Короцкая А. А. Сокровища индийского искусства. М. 1966; Ольденбург С. Ф. Культура Индии. 2-е изд. М., 2004; Деева Б. Ч. Индийская музыка. М., 1980; Драматургия и театр Индии. М., 1961; Кино Индии / Под ред. М. Л. Салганин. М., 1987; Индия сегодня. М., 2005.
Б. Мудаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.