КАНААТ ШАА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАНААТ ШАА (т. ж. б. – 1863, өлгөн жери белгисиз) – Кокон хандыгынын аскер башчысы, Түркстан ш-нын акими (1846–47). Кокон хандыгынын Ташкенттеги бийлигине моюн сунуудан баш тартып, Бухара хандыгына кетүүгө аргасыз болгон. 1850-жылдардын аягы – 60-жылдын башында Коконго кайтып келип, Ташкент ш-нын акими катары бул хандыктын саясий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген. 1860-ж. августта орус аскерине таянган чүйлүк кыргыздар Токмок ж-а Пишпек чебин Кокон хандыгынан бошотуп алганда, К. Ш. аскерлери м-н Ташкенттен келип, бул чептерди кайрадан караткан. К. Ш. Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматыдан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылашта (1860-ж. 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке чегинген. Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде К. Ш-нын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусулман жыл санагы (хижра) б-ча 1279-ж. (1862– 63) К. Ш. Кудаяр хандын тапшырмасы м-н Бухара хандыгына барып, ошол жерден өлтүрүлгөн.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.
Э. Турганбаев.