КАН (чептин калдыгы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАН – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы.
Баткен р-нундагы Дара капчыгайында, Кан айы­лынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгин­деги бийик тектирчеде жайгашкан. Жерг. калк-


Кан кокон чеби.

ка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү. 19- к-дын орто ченинде курулуп, дубалдары пакса­дан тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана ж-а айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийикт. 2–2,7 м (алгачкы бийикт. 3,2 м), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 м, үстү 0,3 м. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 м бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуу­чу тешиктери болгон. Чептин түш. бөлүгү чар­балык иштер үчүн курулса керек, түн. бөлүгүнүн бурчтарында ж-а ортосунда мунаралар тургузул­ган мунаралар чептин түш. бөлүгүнөн түн. бөлү­гүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин орто­сунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түн.-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичин­де дубалга жабыштырыла салынган үйлөр бол­гон. О. кылымга ж-а Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археолог­дор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруз­дин, Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник изилдеген.