КАМЮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМЮ́ Альбер (7. 11. 1913, Алжир, Мондови айылы – 4. 1. 1960, Франция, Вильвблевен айылы) – фр. жазуучу ж-а философ-экзистенциалист. Нобель сыйл. лауреаты (1957). Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. «Бөтөн адам» (1944) повестинде жашоонун абсурддуулугу ж-дөгү тема козголот. «Чума» (1947) аттуу антифашисттик роман-икаясында адамдын эң жогорку эрдиги деп тиричиликтин маанисиздигине каршы күрөштү эсептеген. «Сизиф жөнүндө миф» (1942), «Жаалданган киши» (1951) филос. чыгармаларында, «Калигула» (1944) пьесасында дүйнөдөн четтеп калбоо үчүн жасалган курулай аракеттерди көргөзөт. К-нун чыг-лыгында гуманисттик ж-а индивидуалисттик карамакаршы тенденциялар камтылган.
Ад.: Фокин С. Л. А. Камю. Роман. Философия. Жизнь. СПб., 1999.