КАМЫШАНОВКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМЫША́НОВКА – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Камышановка айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 555 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 60 км түн. тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1912-ж. негизделген. Калкы 1740 (2007); негизинен мал м-н алектенип, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, клуб, китепкана, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.