КАМЧАТКА (дарыя): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМЧА́ТКА (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка обл-нда. Уз. 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борб. Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булуңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачылат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Чатынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Балык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.