КАМЧАТКА (дарыя)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЧА́ТКА (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка облусунда. Узундугу 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борбордук Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булу­ңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан ку­ралат. Жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачы­лат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Ча­тынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Ба­лык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.