КАМПИНАС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМПИ́НАС – Бразилиянын түш.-чыгышындагы шаар. Деңиз деңг. 685 м бийикте, тайпак тоонун дөбө-дөңсөлүү батыш капталында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Сан-Паулу, Гуарульюсатан кийин). Эл аралык аэропорту бар. Региондук жолдор тоому. 1744-ж. негизделген. 1842- жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. Кафедралуу Кудай эне собору (1807–83), т. ж. вокзалынын эски имараты (1868–1920) сакталган. Көп тармактуу ири ө. ж. борбору (дүйнөдөгү

эң ири 500 корпорациянын 70ке жакын филиалы ушул шаарда жайгашкан; анда 100 миңге жакын адам эмгектенет). Машина куруу (IBM, «Motorola», «Freescale», «Samsung», «Bosch», «General Motors», «Daimler», «Honda» ж. б. корпорациялар), металл иштетүү, хим., текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Ин-ттар (Агрономия, Тамактануу технологиясы), «Эльдорадо» ИИИ, 2 ун-т, обсерватория, музейлер, театрлар бар.