КАМЕНСКИЙ Алексей Николаевич: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМЕ́НСКИЙ Алексей Николаевич (29. 7. 1938- ж. т.– Москва ш.) – КРдин эл сүрөтчүсү (2000)– Москвадагы Cтроганов атн. Жогорку көркөм өнөр окуу жайын бүткөн (1962). Кырг-нга

1962-ж. келген. 1963-жылдан респ.– Бүткүл союздук
ж-а Эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1966- жылдан CCCР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. К. Воронин– C. Бакашев– З. Хабибулин м-н бирге М. В. Фрунзенин мемориалдык музейинин имаратынын тематикалык рельефин түзүүгө– Кыргыз мамл. филармониясынын, «Айчүрөк» борб. универмагынын ж-а Москвадагы «Киргизия» кинотеатрынын имараттарын жасалгалоого катышкан. П. Шубин атн. балдар муз. мектебиндеги мозаикалык паннонун– Бишкектеги «Бакыт» үйүнүн, Нарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын чий панносунун ж-а карапа жасалгасынын– «Күн» ж-а «Түн» ж. б. пейзаждык композицияларынын автору. К. станоктук живопись– портрет ж-а пейзаж жанрларында да эмгектенет. Анын «Кара баткак» (1966)– «Хива. Палван-Дарбаза» (1968)–«Оодарыш»(1970)–«Cүйүнүч»(1972)–«Памир мотиви» (2002) ж. б. живопистик чыгармалары бар. К-дин чыгармалары Г. Айтиев атн.

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу.