КАМЕНСКИЙ Алексей Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕ́НСКИЙ Алексей Николаевич (29. 7. 1938-жылы туулган, Москва шаары) – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2000) – Москвадагы Cтроганов атындагы жогорку көркөм-өнөр окуу жайын бүткөн (1962). Кыргызстанга 1962-жылы келген.

Каменский А. «Оода­рыш». 1970.

1963-жыл­дан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөр­дүн катышуучусу. 1966-жылдан CCCР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. К. Воро­нин, C. Бакашев, З. Хаби­булин менен бирге М. В. Фрун­зенин мемориалдык музе­йинин имаратынын тема­тикалык рельефин түзүүгө, Кыргыз мамлекеттик филармо­ниясынын, «Айчүрөк» борбордук универмагынын жана Москвадагы «Киргизия» кинотеатрынын имараттарын жасалгалоого катышкан. П. Шу­бин атындагы балдар музыкалык мектебиндеги мозаикалык паннонун, Бишкектеги «Бакыт» үйүнүн, Нарын­дагы «Ала-Тоо» мейманканасынын чий панно­сунун жана карапа жасалгасынын, «Күн» жана «Түн» жана башка пейзаждык композицияларынын автору. Каменский станоктук живопись, портрет жана пейзаж жанрларында да эмгектенет. Анын «Кара баткак» (1966), «Хива. Палван-Дарбаза» (1968), «Оодарыш» (1970), «Cүйүнүч» (1972), «Па­мир мотиви» (2002) жана башка живопистик чыгар­малары бар. Каменскийдин чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейин­де жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн музейлеринде сак­талуу.