КАЛЬЯО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЬЯ́О – Перудагы шаар. Кальяо конституциялык провинциясын (өзгөчө адм. бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилкеде жайгашкан. Калкы 390 миң (2008; провинциясында 849,6 миң). Лима борб. агломерациясына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэропорту бар. К. – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-ж. негизделип, 1671-ж. шаар статусун алган. 1746-ж. толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жылдан көз каранды эмес Перунун курамында. Реаль-Фелипе (18-к.) чеби, чиркөөлөр сакталган. Ун-ттер (а. и. католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз ин-ту, китепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. К.– өлкөнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу з-ддору, навигациялык жабдуулар өндүрүшү, хим., жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.