КАЛЬКУТТА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЬКУ́ТТА (2001-жылдан расмий аталышы К о л к а т а) – Индиянын чыгышындагы ири шаар ж-а порт (жылына 10 млн T жүк ташылат). Гангдын бир салаасы (Хуглинин) боюнда, Бенгал булуңунан 150 км аралыкта жайгашкан. Батыш Бенгалия штатынын адм. борбору. Калкы 5,1 млн (2008; Чоң Калькутта агломерациясында 15 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Мумбаи, Делиден кийин). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Шаар 1690-ж. негизделген. К. 1773-жылдан 1911-ж. чейин Индиядагы Британия ээлигинин борбору болгон. К. – Индиянын чыгышындагы финансы, соода ө. ж-нын ири борбору. Шаарда фонд биржасы (соода жүргүзүү б-ча Мумбаиден кийинки), чет өлкөлүк банктардын ири өкүлчүлүктөрү, алдыңкы корпорациялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Ө. ж-нын алдыңкы тармагы машина куруу ж-а металл иштетүү (автомобилдер, ар түрдүү приборлор, электр-тех. продукциялар). Жут (дүйнөдөгү жуттун 50% өндүрүлөт), текстиль, хим., кагаз өндүрүшүнүн борбору. О. эле кеме куруу ж-а ремонттоо, фармацевтика, боёочу каражаттар, айнек, азык-түлүк, полигр. ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. К. – Индиянын ири ил. ж-а маданий борбору. Эки ун-т (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), ин-ттар (а. и. Рабиндри Бхарати), ж-а ил.-из. мекемелери (а. и. Ш. Бозе атн. Фундаменталдык илимдер борбору), музейлер (а. и. археол., этногр.), Рабиндранат Тагордун үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк ж. б. бар. Сепил (Уильям форту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англикан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботан. бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино
<img src='КАЛЬКУТТА18.png' alt='
Калькутта шаарынын жалпы көрүнүшү.
'/>индустриясынын ири борбору. Улуттук театр ж-а эл аралык кино фестивалдары, 1987-ж. Түш. Азия оюндарынын, 2005-жылдан аялдар арасында теннис турнири жыл сайын өткөрүлүп турат. Туризмдин ж-а зыярат кылуунун дүйнөлүк маанидеги ири борбору.