КАЛЬКУТТА
КАЛЬКУ́ТТА (2001-жылдан расмий аталышы К о л к а т а) – Индиянын чыгышындагы ири шаар ж-а порт (жылына 10 млн т жүк ташылат). Гангдын бир салаасы (Хуглинин) боюнда, Бенгал булуңунан 150 км аралыкта жайгашкан. Батыш Бенгалия штатынын административдик борбору. Калкы 5,1 млн (2008; Чоң Калькутта агломерациясында 15 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Мумбаи, Делиден кийин). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Шаар 1690-жылы негизделген. Калькутта 1773-жылдан 1911-жылга чейин Индиядагы Британия ээлигинин борбору болгон. Калькутта – Индиянын чыгышындагы финансы, соода өнөр жайынын ири борбору. Шаарда фонд биржасы (соода жүргүзүү боюнча Мумбаиден кийинки), чет өлкөлүк банктардын ири өкүлчүлүктөрү, алдыңкы корпорациялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Өнөр жайынын алдыңкы тармагы машина куруу ж-а металл иштетүү (автомобилдер, ар түрдүү приборлор, электр-техникалык продукциялар). Жут (дүйнөдөгү жуттун 50% өндүрүлөт), текстиль, химия, кагаз өндүрүшүнүн борбору. Ошондой эле кеме куруу ж-а ремонттоо, фармацевтика, боёочу каражаттар, айнек, азык-түлүк, полиграфия ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Калькутта – Индиянын ири илимий ж-а маданий борбору. Эки университет (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), институттар (анын ичинде Рабиндри Бхарати), ж-а илимий-изилдөө мекемелери (анын ичинде Ш. Бозе атындагы фундаменталдык илимдер борбору), музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык), Рабиндранат Тагордун үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк ж. б. бар. Сепил (Уильям форту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англикан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботан. бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино

индустриясынын ири борбору. Улуттук театр ж-а эл аралык кино фестивалдары, 1987-жылдан Түштүк Азия оюндары, 2005-жылдан аялдар арасында теннис турнири жыл сайын өткөрүлүп турат. Туризмдин ж-а зыярат кылуунун дүйнөлүк маанидеги ири борбору.