КАЛЬДЕРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛЬДЕ́РА (испанча caldera, сөзмө-сөз – чоң казан) – казан сымал, капталдары тик, тама­ны тегиз жайык ойдуң; тегерек же сүйрү теге­рек келген кенен чуңкурдук, диаметри 10–20 км, тереңдиги жүздөгөн мге жетет. Капталдары тик же көп тектирлүү. Жанар тоо өзөгүнүн (жерло) колкосуна (кратер) газдар топтолуп, жарылуу­га учураганда же колкодогу кесек талкаланган тектердин урап, кулап кетишинен келип чыгат.
Жер бетиндеги эң ири К-лардын бири – Япония­дагы Асо К-сы кирет. Аянты 375 км2.