КАЛЬДЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬДЕ́РА (испанча caldera, сөзмө-сөз – чоң казан) – казан сымал, капталдары тик, тама­ны тегиз жайык ойдуң; тегерек же сүйрү теге­рек келген кенен чуңкурдук, диаметри 10–20 км, тереңдиги жүздөгөн мге жетет. Капталдары тик же көп тектирлүү. Жанар тоо өзөгүнүн (жерло) колкосуна (кратер) газдар топтолуп, жарылуу­га учураганда же колкодогу кесек талкаланган тектердин урап, кулап кетишинен келип чыгат. Жер бетиндеги эң ири кальдералардын бири – Япония­дагы Асо кальдерасы. Аянты 375 км2.