КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЫГУЛ ЧЕЧЕН Алыбек уулу (1806, Чүй
өрөөнү, азыркы Токмок ш. – 1899, о. эле жер) –
чечен ж-а калыстыгы м-н таанылган кыргыз элчиси. Уруулар аралык чыр-чатак, ар кандай доо ж. б. маселелерди чечүүгө катышып, эл оозуна алынган. Кенесары хандын 1-чабуулунан (к. Кенесарынын чапкыны) кийин (1846) кыргыздардан элчи болуп казактарга барганда, Кенесары үйүлгөн кылычтарды көргөзүп: «Силерди
чаап алууга даярдап жатам»,– десе, К. ч.: «Өткөн
чабуулда мунуңар үйдө калды беле?» – деген.
Хан жооп таба албай: «Оозуңду жап!» – дегенде, «Мени кыргыздар эт жеп, кымыз ичип эмес, керектүү сөз айтып келүүгө жиберген», – деп жалтанбай, так-таасын сөз айткандыгы тууралуу аңыз кептер айтылат. Кенесары сөзгө жыгылып, кыргыз м-н убактылуу ынтымакка келүүгө макул болгон ж-а К. ч-ге олжого кеткен Таштанбектин (Атакенин уулу) болот кылычын кайра бердирген. Кенесарынын колго түшүп, өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу сыйлык берүү үчүн Батыш Сибирь генерал-губернатору князь Горчаков 1847-ж. июлда Ормон хан ж-а Жантай, Жангарач манаптарды Омск ш-на чакырган. Алар баруудан баш тартып, Ормон хан өз атынан уулу
Үмөтаалыны, Жантай К. ч-ди, Жаңгарач тууганы Жалаңтөштү жиберген. Элчилер Омскга Кенесарынын башын алып барып, анын кандай
өлтүрүлгөндүгүн айтып беришкен. Туура көрсөтмө бергендиги ж-а эрдиги үчүн К. ч. Георгий тасмалуу күмүш медаль м-н сыйланган. Орус бийлигинин кыргыз элине көрсөткөн зордук-зомбулугун токтотууну суранып, К. ч-дин Алматыга (Верный) бир нече жолу барып келгендиги ж-дө да маалыматтар бар. Тарыхчы Б. Солтоноев К. ч-ге жолугуп, кыргыздардын Кенесарынын баскынчылык жортуулдарына каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтарды жазып алган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том.
Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б. 1995; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова. /
/ Кыргызстан тарыхынын маселелери. ¹ 4. Б., 2006.