КАЛЧА ПИРОКСЕНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЧА ПИРОКСЕНИ́Т КЕНИ Баткен р-нунда, Калча кыш-нан 4 км түш.-чыгыш тарапта, Сох суусунун сол өйүзүндө. 1973–75-ж. табылган. Кен силур мезгилинде пайда болгон сланецтин арасында жайгашып, 50x160 м аянттагы пироксенит штогунан турат. Пироксенит ири кристаллдуу, ачык жашыл түстө. Иретсиз жайгашкан кристаллдар тоо текке кооз түс берип турат. Өтө жаракалуу болгондуктан, блок чыкпайт. Оңой сайкалданат. Запасы 1,5 млн м3. Майда кооз буюмдарды жасаса болот.