КАЛОРИМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛОРИМЕ́ТРИЯ – физ., хим. ж-а биол. процессте бөлүнүп чыгуучу же сиңирилүүчү жылуулуктун санын өлчөө ыкмаларынын жыйындысы. «К.» термини 1780-ж. фр. химиктер А. Лавуазье ж-а П. Лаплас сунуш кылган. Телого (системага) берилген же андан алынган жылуулуктун саны Q темп-рага (Т) ж-а анын массасына
(m) пропорциялаш. Q=Cmll T=W ll T. Мында С –
салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу; W –
калориметрдин жылуулугунун мааниси. К-лык тажрыйбада негизги өлчөнүүчү чоңдук – llТ.
К-нын кайсы түрү болбосун темп-раны ченей турган аспаптар электр ысыткычтар м-н жабдылган ж-а курчап турган чөйрө м-н жылуулук алмашуусун жөндөө үчүн кап м-н капталган. Жылуулук алмашуунун мүнөзү б-ча калориметрлерди термиялык, адиабаталык ж-а жылуулук өткөргүчтүк деп айырмалайт. Калориянын маалыматтары заттардын термодин. касиеттерин, хим. тең салмактуулукту эсептөөдө, технол. процесстердин жылуулук теңдемесин түзүүдө ж. б. колдонулат. Процесстерди изилдөөнүн мөөнөтү секунддун үлүшүнөн ондогон суткага чейин созулат.