КАЛИФОРНИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛИФО́РНИЙ (лат. Californium), Сf – элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобунан орун алган жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү хим. элемент, актиониддерге кирет. Ат. н. 98, ат. м. 251. К-дин 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. К-ди 1950-ж. амер. илимпоздор Г. Сиборг, С. Томпсон ж-а А. Гиорсо кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алышкан ж-а элементти ачылган жердин атынан (Калифорния штаты, АКШ) аташкан. К. – ак металл; эрүү t 986°С; бирикмелеринде +2, +3, +4, +5 ж-а +6 кычкылдануу даражасын көрсөтөт. К. кычкылы Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl ж-а К-дин нитраттары, сульфаттары, галогениддери сууда эрийт. К. атомдук реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда колдонулат.