КАЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КА́ЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүктүн
азыктанышына, өсүп-өнүгүшүнө керектелүүчү калийлүү минерал. Калий азот ж-а фосфор сыяктуу эле өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген микроэлементтердин бири. Эң жөнөкөй ж-а арзан жер семирткич болуп эсептелет. Өсүмдүктү күйгүзгөндөн калган күлүн К. ж. с. катары пайдаланса болот. Өсүмдүктүн түрүнө жараша калий ар кандай санда болот,
мис., күн караманын күлүндө 30–40%, кара буудай саманынын күлүндө 20% ж. б. Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу үчүн пайдаланылат. К. ж. с. калий туздары бар тоо тектеринен алынат. К. ж. с. чийки калий тузу ж-а концент. калий тузуна бөлүнөт. Концент. К. ж. с-не хлордуу калий, калий күкүрт кычкылы, 30–40%түү
калий туздары, калимагнезия, шакар, күл кирет. Булар негизинен ө. ж-лык жол м-н алынат. Чийки калий тузу табигый калий тузун майдалоо жолу м-н алынат. Чийки калий туздарынан сильвинит, каинит, карналлит, лангбейнит, полигалит мааниге ээ. Хлордуу калийдин (КСl) – курамында 56–69% калий бар, ал
негизги К. ж. с. Анда сильвинитке караганда хлор 4–5 эсе аз болуп, а. ч. өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнө ар кандай топуракта пайдаланса болот. Хлордуу калий (40%түү калий тузу) майда майдаланган сильвинит же каинит м-н аралаштыруу жолу аркылуу алынат. Аны топуракка күзүндө себүү талап кылынат. Бирок
хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө көп берилсе, анын сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Калий сульфатын – К2SO4 (46%
калий) бардык топуракта пайдаланса болот.
Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө (тамеки, жүзүм, картөшкө ж. б.) кылдат пайдалануу керек. К. ж. с. картөшкө, беде ж. б. сыяктуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн ж-а сапатын жогорулатат.
М. А. Ахматбеков, Г. Эшимкулова.