ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир кон­креттүү мамл. маселелер б-ча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылган депутаттык суроо-талап. И. көбүнчө коомдо олуттуу тынч­сыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт б-ча жасалат. Ошондуктан И. жалпы талаш-тар­тышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн канааттандырганын же канааттандырбаганын чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тар­тыш министрге же өкмөттүн бардык курамына ишенбөө ж-дөгү суроону киргизүү м-н аякта­лат. И. маалымат алуунун гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөл­дөөнүн күчтүү формасы болуп саналат.