«ИНТЕРНАЦИОНАЛ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

«ИНТЕРНАЦИОНА́Л» (фр. L’Internationale, лат. inter – аралык, nаtion – эл) – эл аралык проле­тариаттын, компартиялардын гимни. Текстин фр. акын Э. Потье 1871-ж. жазган. Музыкасы фр. комп. П. Дегейтердики. «И.» алгач ирет 1888-ж. 23-июнда Франциянын Лилле ш-нда жумушчулар майрамында ырдалган. Россияга 20-к-дын башында падышалык өкмөт тыюу сал­ганга карабай тарала баштаган. Орусчага рево­люционер акын А. Я. Коц 1902-ж. которгон. Улуу Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин «И.» совет мамлекетинин гимни болгон. 1944-ж. СССРдин жаңы мамл. гимни бекитилгендигине байла­ныштуу ВКП(б) БКнын пленуму «Интернацио­налды» Бүткүл союздук коммунисттик (боль­шевиктер) партиясынын гимни катары сак­тоо...» ж-дө токтом чыгарган. «И-дын» кыргыз тилиндеги туңгуч котормосу 1925-ж. жарыялан­ган, кийин акындар (А. Токомбаев, У. Абду­каимов) тарабынан кайрадан которулган.