«ИНТЕРНАЦИОНАЛ»
«ИНТЕРНАЦИОНА́Л» (фр. L’Internationale, лат. inter – аралык, nаtion – эл) – эл аралык пролетариаттын, компартиялардын гимни. Текстин франциялык акын Э. Потье 1871-жылы жазган. Музыкасы франциялык композитор П. Дегейтердики. «Интернационал» алгач ирет 1888-жылы 23-июнда Франциянын Лилле шаарында жумушчулар майрамында ырдалган. Россияга 20-кылымдын башында падышалык өкмөт тыюу салганга карабай тарала баштаган. Орусчага революционер акын А. Я. Коц 1902-жылы которгон. Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин «Интернационал» совет мамлекетинин гимни болгон. 1944-жылы СССРдин жаңы мамлекеттик гимни бекитилгендигине байланыштуу ВКП(б) БКнын пленуму «Интернационалды» Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиясынын гимни катары сактоо...» жөнүндө токтом чыгарган. «Интернационалдын» кыргыз тилиндеги туңгуч котормосу 1925-жылы жарыяланган, кийин акындар (А. Токомбаев, У. Абдукаимов) тарабынан кайрадан которулган.