ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАР-ДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ – өзүнчө бир өндүрүп чыгаруучунун товарын же көрсөткөн кызматын экинчи өндүрүп чыга­руучунун бир тектүү товарынан ж-а көрсөткөн кызматынан айырмалоо үчүн кызмат кылган белгилер. Товардык белги өзүнчө өзгөчөлүккө ж-а айрмалоочу мүнөзгө ээ болушу зарыл.
Товардык белгилердин түрлөрү: сөздөрдөн тур­ган белгилер – алар сөз, тамгалардын айкалы­шы, сүйлөм, о. эле алардын айкалыштары түрүндө болот; сүрөт белгилери – алар жандуу нерселердин, буюмдардын, жаратылыш ж-а баш­ка объектилердин сүрөттөрү, о. эле ар кандай формадагы фигуралар, композициялар, сызык­тар, тактар, тегиздиктеги фигуралар; көлөмдүү белгилер – алар үч өлчөмдүү объектилер, фигу­ралар, сызыктар м-н фигуралардын комбина­циялары; комбинацияланган белгилер – алар ар башка элементтердин, сүрөттөрдүн, сөздөрдөн турган белгилердин, көлөмдүү ж. б. белгилердин комбинациясы түрүндө болот.